super.kg logo

Рыспек жана Тынычбек Акматбаевдин атасы Батукаевдин ишинде Феликс Куловдун жоопкерчилиги боюнча башкы прокурорго кайрылуу жасады

 

Рыспек жана Тынычбек Акматбаевдин атасы Батукаевдин ишинде Феликс Куловдун жоопкерчилиги боюнча башкы прокурорго кайрылуу жасады. Кайрылууну Феликс Кулов интернеттеги баракчасына бөлүштү.

"Өздүк баракчама маркум Тынычбек жана Рыспек Акматбаевдин атасы Абдымалик Акматбаевдин кайрылуусун жарыялайм жана аны колдойм. Анын уулдарынын өлүмү, ишине байланыштуу бардык жагдайларды толугу менен иликтөө зарыл деп ойлойм. Аны кайрадан каралып жаткан Батукаевдин ишинин алкагында караса болот", - деп жазат Кулов.

Кайрылуунун тексти.

"Урматтуу Өткүрбек Асилбекович!

Элибизде "Кан коё бербейт", "Кыңыр иш 40 жылдан кийин билинет" деген сыңары бул факты 40 жылга жетпей эле ачыкталганы турат.

2005-жылы уулум Тынычбек Акматбаев Жогорку Кеңештин депутаты, Коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасы катары Молдовановка айылындагы жабык мекеме катары саналган жайга барган. Ал жакта белгилүү баш кесер Азиз Батукаев тарабынан атылган.

Менимче, уулумду алдын ала дыкат сүйлөшүлгөн план боюнча өлтүрүшкөн. Ошол учурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов Азиз Батукаев менен жакын мамиледе болгонун көңүл сыртында калтырбашыбыз керек. Буга Жаңы-Жердеги колонияда аны менен кучакташып түшкөн сүрөттөрү далил боло алат.

Убагында ошол учурдагы президент Курманбек Бакиевге алып барганымда көргүсү келбей "аны атайын түзүлгөн комиссияга бериңиз. Карап чыгышат. Менин убактым жок" деген.

Алар тарабынан түзүлгөн комиссияга сүрөттөрдү бердим. Феликс Кулов менен кучакташып түшкөн сүрөттөн тышкары видео да бар экени калппы?

Уулум Тынычбек Акматбаев каза болгондон кийин Феликс Кулов ошол учурдагы президент Бакиевге кирип "Курманбек Салиевич, балким, сиз билбесеңиз керек. Бирок Жаныш Бакиевге эчак эле генерал чини берилиши керек эле" дейт. Андан көп өтпөй президенттин иниси генерал болгонун унуткан жоксуңарбы?

Кылмышкерлер уулум Тынычбекти жок кылышкандан жарым жылдан кийин, кан ичкичтер дагы бир уулум Рыспекти атып кетишти. Ошентип эки уулумдан ажырап, байбичем экөөбүз кайгыга түшүп кеттик. Анда негизги ролду президенттин иниси Жаныш Бакиев ойногон. Ага каршы сүйлөгөн депутаттарды, патриот жигиттерди жок кылып жатты.

Ошону менен бирге Батукаевди сый менен узаткан жетекчилердин жоопкерчилигин да карап чыгуу кажет. Өзгөчө генерал Зарылбек Рысалиевди. Эмнеге ал ооруканага жатып алып ушу кезге чейин убакытты созуп келе жатат? Зарылбек коркконунан эле ооруканага жатып алды. Бул адамдын жоопкерчилигин сөзсүз карап чыгуу зарыл.

"Кокуй! Ал үч күндүн ичинде өлөт" деп дүйнөгө айтып чыккан Батукаевдин адвокаты Турсунбек Акундун жоопкерчилигин да тийиштүү деңгээлде кароо кажет.

Кайрылуумда дагы бир жолу баса белгилеп айтып, сурангым келет. Менин оюмча, Феликс Кулов Батукаевдин ишинде түздөн-түз жоопкерчиликти алышы керек (айың кептер боюнча ал Батукаевдин эжесинин кызына үйлөнгөн).

Бир нерсе болсо эле Кулов ийинин куушуруп "мен аны билбейм, ал менен тааныш эмесмин" деп чыгат. Ал кантип билбейт? Жаңы-Жердеги абакта Батукаев менен кучакташып түшкөн сүрөтүн өз көзүм менен көрдүм. Аскар Акаев убагында Феликс Куловду камакка отургузганы да бекеринен эмес.

Азыр Батукаевдин маселеси көтөрүлүп жатканда Феликс Куловдун жоопкерчилигин карап, аныктап аны жазага тартууну суранам. Батукаевдин качып кетишине Кулов тарабынан көп аракеттер жумшалышы мүмкүн", - деп жазылат кайрылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(8)
29.07.2019. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кулов да жон эмес окшойт, бекеринен кыргыз тилин уйронбой жургонбу дейм да.
29.07.2019. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
кезектеги сенсация, бул Батукаев аркасынан коп адамды отургузуп тынат окшойт,жип аябай узун экен учу дагы кобуно такалгыдай
29.07.2019. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кулов ал сурот монтаждалган мен жокмун дебесе болду эми
29.07.2019. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кулов Атамбаев убагында интервюдан тушпойт эле. Жээнбеков келип батукаевдин иши жандангандан бери Куловду ит менен издеп таппай жургонубуздун сибеби биякта турбайбы. Кулов документтерди даярдап диагноз да даярдап жатса керек. Кылмыш иш козголсо бул оору менен ооруп калам деп.
29.07.2019. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кулов жонокой адам эмес.Жээнбековтун кучу жетээр бекен...Карышкыр менен итти салыштырган сыяктуу эле д.о.Жырткыч барибир жырткыч.
29.07.2019. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ооба,аксакал туура айтат.Батукаевдин ишинде Ф.Кулов,З.Ырсалиев,Т.Акун учоо тен бар.Кулов Акаевдин заманында вертолетторду Кытайга сатып камалган эле.Революция болгондо акталып кетти.Эл да куноолуу ким,куноосуз ким карабай эле бул кишини турмодон бошотуп салды.
29.07.2019. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Рысбекти олтургон чоолорго 30 жылдан берсе аздык кылат. Кыргыз деп куйгон жигит еле. Феликстен башташ керек бул ишти
29.07.2019. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куловду омур бою камаш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: