Жалал-Абад. Быйыл шаарда эгемендүүлүк күнүн майрамдоо эртең менен эмес, түштөн кийин башталат
"Быйыл Кыргызстандын эгемендүүлүк алганына 22 жыл толот. Буга байланыштуу 31-августта шаардын борбордук аянтына 22 боз үй тигилет",- дейт мэриянын маданият бөлүмүнүн башчысы Салтанат Асилбекова. Айтымында, бул жылы майрамга Бишкектен атайын ырчылар чакырылбайт, жергиликтүү маданият кызматкерлери өнөрлөрүн тартуулашат. Жалал-Абад шаарындагы быйылкы эгемендүүлүк майрамынын өзгөчөлүгү - түштөн кийин башталып, түнгө чейин созулат. Буга чейин эртең менен башталып, түштөн кийин аяктап калчу. "Мындай өзгөчөлүктүн себеби - шаардыктарга ысык өтүп кетпесин деп жатабыз. Кечки салкында сейилдеп эс алышат быйыл",- дейт Асилбекова.
Автор: Кенже Тынымбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















