super.kg logo

Курулуш жаатындагы өнүгүүлөр инвестициялык жагымдуу шарттарды жаратууда

 

Курулуш рыногунда бүгүнкү күндө динамикалык өнүгүүлөрдү байкоого болот. Өзгөчө Орто Азия чөлкөмүндө акыркы 10 жылда Real Estate тармагы Совет доорунун үлгүсүндөгү үйлөрдөн баш тартып, жаңы архитектурага, комфорт жана премиум-класстагы имараттарга, өнүккөн инфраструктуралык чечимдерге алып келүүдө. Муну менен бирге сапат жана жаңы технологиялык процесстер дагы өнүгүүдө. Кыргызстан кыймылсыз мүлк рыногунун өнүгүүсүнүн эң алгачкы өрнөгү булуп эсептелет. Азыркы күндө Кыргызстанда 115 курулуш компаниясы бар, алардын ичинен Elite House өзүнүн принциптери менен башкалардан өзгөчөлөнүп турат, анткени шаар көрүнүшүн жакшыртууну, бизнес жана жашоого ыңгайлуу шарттарды түзүүнү көздөйт.

Рыноктук өнүгүүнүн негизги көрсөткүчү болуп инвестициялык жагымдуулук эсептелет. Башкача айтканда, ыңгайлуу батир сатып алууну мүмкүн кылган параметрлердин бардыгы инвестициялык шарт болуп эсептелет. Ал эми статистикага көз чаптырсак 2019-жылдын июнь айында орто эсеп менен (104-105-308-сериясындагы) батирлердин 1 чарчы метринин баасы 732 долларды түзүүдө. Бул көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу 6,1 пайызга аз болуп, баанын төмөндөшү байкалууда.

Ал эми Европадагы кыймылсыз мүлкүнүн рыногу стабилдүүлүк деңгээлине жетип, баалардын динамикасы өтө деле байкалбайт. Ошондуктан инвесторлор үчүн бул рынок кызыгуу туудурбай калганы байкалууда. Бул кырдаалда Орто Азия алардын кызыгуу чордонунда экени маалым. Бул чөлкөм чоң потенциалга ээ экендигин көптөгөн серепчилер айтууда.

Elite House компаниясы курулуш секторунун өнүгүүсүнө өз салымын кошуп келет. Акыркы 6 жыл ичинде 6 турак жай комплекси эксплуатациялоого берилип, 2019-жылы дагы 9 курулуш объектиси ишке киришүүдө. Аларды Бишкек жана Жалал-Абад шаарындагы тейлөө борборлорунда сатып алууга мүмкүн. Дагы бир тейлөө борборунун ачылышы 1-сентябрда "Asia Mall" борборунда болмокчу. Бул маанилүү саамалык көптөгөн кызыктарды, таттуу жана керектүү белектерди, концерттик программаны тартуулайт. Шаар тургундарын жана конокторун чыдамсыздык менен күтөбүз!

Elite House – бакубатчылыктын, бейпилдиктин, бакыттын өргөөсү биз менен!

www.elitehouse.kg

Байланышыңыз: 0 (555) 555 555. Кардарларга кам көрүү жана сервис кызматы: 0222 222222.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: