super.kg logo

Меган Маркл 103 жылдык тарыхы бар журналдын алгачкы чакырылып туруучу редактору болду

 

Британиянын ханзаадасы Гарринин жубайы Меган Маркл 103 жылдык тарыхы бар журналдын редактору болду. Тагыраагы, Меган Маркл британиялык "Vogue" журналынын тарыхындагы чакырылып туруучу редакторлук кызматына чакырылды.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, журналдын сентябрь айында чыга турган санына Меган Маркл дагы салым кошкон. Журналдын башкы редактору Эдвард Эннинфул социалдык тармактагы баракчасына "дүйнөнү өзгөрткөн айымдар" деп 15 каармандын сүрөтүн жарыялаган. Белгилүү болгондой, каармандарды Меган Маркл тандаган. Ошондой эле журналдын башкы бетинде күзгү сымал боштук калтырылган. Меган Марклдын айтымында, күзгү сымал боштук ар бир окурман үчүн калтырылган. Тагыраагы, окурман өзүн дүйнөнү жакшы жагына өзгөртүп жаткандардын катарынан көрүшү керек экендигин билдирген.

"Vogue" журналынын чакырылып туруучу редактору болуу мен үчүн пайдалуу болду. Бир нече ай бою иштедим. Азыр эмгегим менен бөлүшүп жатканыма кубанычтамын. Бул ишти баштаганда мага дем-күч берген досторума ыраазычылыгымды айтам. Ушундай мүмкүнчүлүктү түзгөн Эдвард Эннинфулга рахмат!" - деген Меган Маркл.

Башкы редактор Эдвард Эннинфул бир нече ай бою Меган Маркл менен иштешкенин, журналдын сентябрь айындагы саны 2019-жылдагы эң көп нускалуу болорун билдирген. Журналдын жаңы саны Улуу Британияда 2-августта сатыкка чыгат.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: