super.kg logo

АКШда өз балдарын унаада унутуп коюп, алардын өлүмүнө себепкер болгон атага сот өкүм чыгарды

 

АКШда сот унаасына балдарын унутуп кетип, алардын өлүмүнө себепкер болгон атага карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, 39 жаштагы Хуан Родригес 1 жашар эгиз балдары – Луна менен Фениксти бала бакчага алып бармакчы болгон. Бирок Honda Аккорд автоунаасына унутуп коюп, жумушуна кирип кеткен. Алар унаадагы температуранын жогорулап кетишинин натыйжасында көз жумган.

Беш баланын атасы Хуан Родригес жумушуна саат 8:22де кирип кетип, унаадагы балдардын абалы тууралуу саат 16:00 чамасында жумушунан чыгып кетип бара жатканда билген. Ал шок абалында кыйкырып жаткан маалда, окуянын күбөлөрү полиция кызматкерлерин чакырышкан. Ошону менен катар чакырылган "Тез жардам" келген учурда эгиздердин оозунан көбүк чыгып, алар каза болгону аныкталган.

Сот Хуан Родригеске 100 000 доллар айып пул төлөө боюнча өкүм чыгарды. Ал 2 саат аралыгында аталган сумманы төлөп, бошотулган. Маалыматка караганда, АКШда жылына орто эсеп менен унаада көзөмөлсүз калган 38 бала көз жумат. Былтыр Улуттук коопсуздук кеңешинин билдирүүсүнө караганда 52 бала көз жумуп, рекорддук көрсөткүчкө жеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
29.07.2019. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ии байкуш балдар! Ото кыйналып олгондур.Элестетип алып ыйладым. Кандайча унутуп калышар экен, тан калыштуу...
29.07.2019. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баткендеда болгонго базарга кирип кетишкен
30.07.2019. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын ээ мындай нерседен баарын
30.07.2019. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акча толотуп эле коё беришкени жаман экен. Жазасыз калган турбайбы
30.07.2019. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аттин ай, ((( байкуштар.. мынча унутчаак болбосо?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: