Орус драма театрынын мурдагы жетекчиси Борис Воробьёв убактылуу кармоочу жайда 3-октябрга чейин кармалат
Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын мурдагы жетекчиси Борис Воробьёв убактылуу кармоочу жайда 3-октябрга чейин кармалат. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чечимди Биринчи Май райондук соту 3-августта чыгарган. Воробьёв "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Документтерди уурдоо, жок кылуу, зыян келтирүү же документтерди, штамптарды жана мөөрдү жашыруу" жана "Кылмыштуу түрдө алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу" беренелери боюнча айыпталууда. Тергөө учурунда Воробьёв шаардан чыкпоо тууралуу арыздын негизинде жүргөн. Бирок бул эрежени бузуп, чет мамлекетке качып кетүүгө аракет кылган. Ушундан кийин ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.