super.kg logo

Өкмөт башчы "Айыл банктын" жетекчилигине бир канча тапшырмаларды берди

 

Бүгүн, 29-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Айыл банк" ачык акционердик коомунун жетекчилигин: башкармалыктын төрагасы Бактыбек Шамкеевди жана кеңештин төрагасы Малабек Токтоболотовду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда мамлекеттик банктын ишмердүүлүгүнүн калкты насыя менен жеткиликтүү камсыз кылуу боюнча сөз болду. Бактыбек Шамкеев финансы мекемесинин ишмердүүлүгүнүн актуалдуу багыттары жана банктын келечек пландары тууралуу маалымат берди.

Премьер-министр белгилегендей, дыйкандарды насыя менен камсыз кылуу жана аймактарда бизнес-долбоорлорду каржылоо багытында банктын алдына коюлган милдеттерди сапаттуу аткаруу маанилүү.

"Өлкө аймактарында бизнес-долбоорлорду каржылоо максатында кредиттик продуктулардын кошумча пакетин иштеп чыгууга көңүл буруу керек", - деди өкмөт башчы.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча "Айыл банктын" жетекчилигине бир катар тапшырмалар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.07.2019. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дыйкандарга жетпей калды го.Баягы эле чиновниктер алат эн аз пайыз менен.
30.07.2019. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пайыздарды азайтыш керек ото эле коп болбосо алган кредитин толо албай жургондор коп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: