super.kg logo

Салык кызматы жыл башынан тарта 15 кызматкерин жазалады

 

Мамлекеттик салык кызматы жыл башынан бери жарандардын кайрылууларынын жыйынтыгы боюнча 15 кызматкерин жазалады. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, Мамлекеттик салык кызматына 6 айда жарандардан жана юридикалык жактардан 86 кайрылуу жана даттануу келип түшкөн. "Алардын ичинен 23 билдирүү электрондук почта аркылуу, жазуу жүзүндө 30, ишеним телефонуна 31 жана массалык маалымат каражаттары аркылуу 2 билдирүү болгон. Келип түшкөн арыздардын 35и салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш аракеттерине тийиштүү болсо, 20сы ишкерлердин салык мыйзамдарынын ченемдерин сактабагандыгы, ал эми калганы ар кандай маселелер боюнча болгон. Бардык кайрылуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралган. Салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш аракеттерине тийиштүү кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө 13 арыз боюнча факты ырасталган эмес жана он бири боюнча ырасталган, жарым-жартылай ырасталганы бирөө, ал эми 10у карап чыгуу стадиясында турат. Кабыл алынган тийиштүү чаралардын жыйынтыгында ар кандай жаза чарасы колдонулган. 2 адам кызматтан бошотулса, 3 кызматкерге карата катуу сөгүш, экөөнө сөгүш жарыяланып, дагы алтооно эскертүү жана 5 кызматкерге катуу эскертүү берилген. Салык төлөөчүлөр тарабынан салык мыйзамын бузуулар боюнча 20 кайрылуунун ичинен текшерүүнүн жүрүшүндө 9 билдирүү боюнча фактылар тастыкталды. 6 арыз боюнча фактылар тастыкталган жок, кароо стадиясында 5 факты бар", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
30.07.2019. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларга деле кыйында жогорку чондору алып кел дейт да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: