super.kg logo

2018-жылы Москва шаарында футбол күйөрмандарын сүзүп, кырсыкка кабылган таксист Чыңгыз Анарбек уулу өлкөбүзгө кайтып келди

 

2018-жылдын 16-июнь күнү Москва шаарында футбол күйөрмандарын сүзүп, кырсыкка кабылган таксист Чыңгыз Анарбек уулу өлкөбүзгө кайтып келди. Башынан ар түрдүү сыноолорду өткөрүп, мекенине келгенине кубанычы койнуна батпай турган мекендешибиз менен SUPER.KG порталы маек курду.

"Өз мекениме келүүгө көмөк көрсөткөн Кыргыз элиме ыраазычылык билдирем"

- Биринчиден, өз мекениме келүүгө көмөк көрсөткөн Кыргыз элиме ыраазычылык билдирем. Кудайга шүгүр, өзүмдүн жериме, элиме келдим. Башында эми жеримди көрбөй калам деп ойлодум эле.

"Бул да болсо Кудайдын берген бир сыноосу болду"

- Мен азыр ошол кырсыктын видеосун көрүүдөн корком. Кандай болгонун түшүнбөй калдым, жарыкты өчүрүп күйгүзгөндөй эле болду. Бул да болсо Кудайдын берген бир сыноосу. Биринчи кезекте, Кудайга шүгүр, эч ким каза болгон жок, "бирөөнүн баласын өлтүрүп алдым" деп коркком. Ата-энем, жакындарымдан да кечирим сурайм. Буларды да аябай кыжалат кылдым.

"Оорунун кадырын ооруган адам билет"

- Менин бала кезимден эч кимге зыяным жок. "Оорунун кадырын ооруган адам билет" деп айтылат го. Ар бир адам ар кандай ой-пикирлерин айтып жатышты. Кээ бирөөлөр атайын сүздү деп жатышат. Канча адам болсо, ошончо ой-пикир болот экен. Атайын сүздү, теракт жасады дегендерди Кудайга койдум. Мен аларга эч нерсе айта албайм.

"Менин келгениме апам өзгөчө сүйүндү"

- Менин келгеним апам үчүн өтө бир башкача күн болду окшойт. Жакындарым, баарынан да апам өзгөчө сүйүндү. Кызымды мындан эки жыл мурун 7-8 айлыгында көргөм, азыр чоңоюп басып калыптыр. Кичүү кызымды эртең Жалал-Абадга барганда көрөм.

"Өз убагында уктап, эс алып, анан жумушка чыккыла"

- Мен сыяктуу Орусияда эмгектенгендерге айтар элем. Өз убагында уктап, эс алып, анан жумушка чыккыла. Байлыктын түбүнө эч ким жеткен эмес. Жаштыкка салып, "эс албай эле иштей берем" дебегиле. 12 саат жумуш болсо иштеп, анан жакшы эс алгыла.

"Мындан ары өз мекенимде эле эмгектенем"

- Мындан ары өз мекенимде эле эмгектенем. Спорт менен өзүмдүн мекениме кызмат кылып, бул жакта жүрөйүн деген ниетим бар.

"Жалпы Кыргыз элиме, баламдын келүүсүнө жардам бергендерге ыраазычылык билдирем"

- Балам келинчеги менен 2 күн мурда келишти. Аябай сүйүнүп жатабыз. Бир жыл мурун уулум камалып кетсе кандай айла кылам деп жүргөм. Менин балама жардам берген бардык Кыргыз элиме рахмат, баарыңарга ыраазымын.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(17)
30.07.2019. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-18
Баатыр деген наам бергиле мынча болду, буга окщогондор канчасы жатат турмодо ар кайсы олкодо
30.07.2019. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Avrora2017,Туура эмес басып алдым,минус басайын дедим эле,тантык мээң ордунда эмес Кудай сактасын дечи.
30.07.2019. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Азамат,эсен-аман кайтып келипсин бактын бар экен!Баары жакшы болот,артта калды.Иштерине ийгилик!
30.07.2019. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жакшы жанылык экен.Ар бир Мекендешибиз элибизге аман-эсен кайтып келсе деген ниеттебиз.
30.07.2019. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кудайга шугур, эчким чет жерде кор болбосун, камалбасын. Аамин.
31.07.2019. 08:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы аман эсен кутулуп келипсин.

Автор, башында "эми жеримди" деген жерин оңдоп койсонор сонун болмок.
31.07.2019. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым эч кимдин башына мындайды салбасын,коруп суйундум менда чет жакта иштеп жургон мекендештерибиз аман эсен болсун.
31.07.2019. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
соттолуш керек болчу. силердин баланарды тепселеп кетсе корот элем.
31.07.2019. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
karabet,сенин балан бироону кокустан сузуп кеткенде, корот элем ахыбалынды, жжабырлануучулардын бутун жалагыдай болсон керек эле
01.08.2019. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
patrol-kg, кокустан эмес, ач коздуктон сузду.
Мен баламды андай ач коз кылып тарбиялабайм биринчиден.
Жол эрежесин сактоону уйротом. Правону сатып албоону уйротом. Акча учун жулундап иштебоону уйротом. Менин балам кокустан суйзбойт. Ал эме жогорку каарман кокустан эмес, ач коздуктон сузду. Германияда болсо соттолмок.

Сен билимсиз экенин корунуп турат. Же заочкада окугансын, же начар жаман жуман улуттук универде окугансын акча менен бутуруп. же такыр окуган эмессин. Корун
01.08.2019. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
karabet, Бироого жамандык каалаганча, озуно жана жакындарына ден-соолук, омур каала. Закон боюнча соттолду, оз жазасын алып чыкты.
01.08.2019. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Makedonia, жазаасын жумшартып коюшту.
Эгер ал адам жаман иш кылса, анда жамандык менен жазааланыш керек.
01.08.2019. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
karabet,Атына затын жарашкан экен Карабет болуп.Ниетти ондосончу бай болгур.
31.07.2019. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бодо кырсыктан алыс бол биртууганым
31.07.2019. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аман эсен келипсиң, деп жөн гана жакшылык каалап коюу ушунча кыйынбы ээ кээ адамдарга???
01.08.2019. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rusbubu, билим алыш керек. ошондо коз ачылат. билим албаса адам фантазия менен жашап журо берет. ар кандай озу жакшы же жакшылык деген ишеним менен. жол кырсыктары кгда толтура, ушу сага жакшылыкпы. жол кырсыгын бузганды манастай кылып сыйлап жатсанар, дагы буз деген атпайсынарбы башкаларды
04.08.2019. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
karabet,мынча начар адамсын,билимдуу адам сендей болбойт жон гана аман эсендигин тилеп койсон боло.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: