super.kg logo

Эсептөө палатасынын инспектору Токой чарба агенттигиндеги финансылык мыйзам бузууларды жашырганы аныкталды

 

Эсептөө палатасынын башкы инспектору А.Н. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактысы аныкталды. УКМКнын билдирүүсү боюнча ал Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигиндеги кызматкерлер тарабынан финансылык мыйзам бузууларды жаап-жашырган.

Белгилүү болгондой, инспекторго жогорудагы мамлекеттик агенттиктин кызматкерлерине 2019-жылдын январь-май айларынын аралыгындагы эмгек акыларды жана башка төлөмдөрдү эсептөө, ошондой эле кызматтык транспорт боюнча акча төлөмдөрүнүн негиздүүлүгүн текшерүү дайындалган.

А.Н. мамлекеттин кызыкчылыгына каршы, өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып, текшерилүүчү кызматкерлердин бюджеттик каражатты, каржылык мыйзам бузууларды атайын жашырган. Ушуну менен бирге мамлекеттик аудит өткөрүү боюнча мыйзамды бузуп А.Н. документтердин көчүрмөсүнө таянып корутунду чыгарганы аныкталды.

Эсептөө палатасынын башка инспекторунун кошумча текшерүүсү боюнча А.Н. жалган корутундусу четке чыгарылып, жогоруда айтылган өлчөмдө каржылык мыйзам бузуулар жөнүндө жүйөлүү корутунду берилген.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2019-жылдын 27-июнунда Эсептөө палатасынын башкы инспектору А.Н.га карата кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен убактылуу кармоочу жайына бир айга камалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: