Солтон-Сарыда кырылган мал үчүн Кытай компаниясы компенсация төлөмөй болду
Солтон-Сарыдагы "Jhong ji Mining" кен казуу компаниясы Нарын облусунда кырылган мал үчүн компенсация төлөп берүүгө макул болду. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-июлда компания кызматкерлери менен жолукканда комитет төрагасы Кытай компаниясына имиджин сактап калуу үчүн кырылган малга компенсация маселесин карап чыгууну айткан. Бул сунушту компания кабыл алып, макул болгон.
Окуянын чоо-жайы:
Социалдык тармактардын колдонуучулары Солтон-Сары жайлоосундагы жардыруулардын видеолорун интернетке жарыялашкан. Видеодо кой-эчкилердин өлүп жатканын көрүүгө болот. Мындан улам социалдык тармактардын колдонуучулары малдын өлүп жатышына Солтон-Сары алтын кениндеги жарылуу себеп болушу мүмкүн деген пикирлерин айтышкан.
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Солтон-Сарыда малдын кырылганы боюнча экспертиза жасалып, малдын мите ооруларынын, топурактын жана суунун анализи жасалганын айткан. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча малдын 66 пайызы өпкө, боор жана ичегинин мите ооруларынан кырылганы аныкталган.







1 |