Муфтий кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат: “Урматтуу мамлекетибиздин жалпы жарандары! Баарыңыздарды 8-август күнү болчу улуу Орозо айт майрамы менен чын ыкласымдан куттуктайм. Касиеттүү Орозо айт күндөрүнүн урматына Алла Таала бардык мусулмандарга ыйман, өлкөбүзгө ынтымак жана кубаныч тартууласын. Ылайым элибизде тынчтык, береке орносун. Орозо айт майрамы баарыбызга куттуу болсун!”
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
0

