Дзюдочу Шахида Нармухамедова Азия жана Океания чемпиондугунда коло медаль жеңди

Кыргыз дзюдочусу Шахида Нармухамедова Тайбэйде өтүп жаткан Азия жана Океания чемпиондугунда коло байгеге ээ болду. Ал 78 килограмм салмакка чейинки категорияда күрөшкө чыккан.
Кыргыз спортчусу алгачкы беттешинде монгол спортчусунан жеңилип калган, бирок 3-орун үчүн беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Коло байге үчүн үй ээсинин спортчусун жеңип алды.
Шахида Нармухамедова буга чейин өспүрүмдөр арасындагы чемпиондукка да катышып, күмүш медаль жеңген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.