super.kg logo
  Саясат  

Депутат Исхак Масалиев: "Бул протоколдун айрым жерлери ачыкталбайт. Себеби кандай гана чечим болбосун эки тарапка тең өзүнүн элинин жерин саткан болуп калат". КҮНСОБОЛ

 

13-мартта Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгон Тажикстандын жарандары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Вице-премьер Жеңиш Разаков менен Тажикстандын премьеринин орун басары Азим Иброхим кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюшкан. Саясатчы Камчыбек Ташиев бийлик өкүлдөрү Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча түзүлгөн жаңы протоколдун мазмунун элден жашырып жатканын айтып чыккан.

22-июлда Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда чыр кайталанды. Мындан улам эки өлкөнүн президенттери жолугушту. Бирок анын жыйынтыгында кандай чечим кабыл алынганы, ошондой эле ушул күнгө чейин жогорудагы протокол тууралуу да кенен маалымат бериле элек.

SUPER.KG порталы "Кыргыз-Тажик чек арасындагы март айында чыккан жаңжалдан кийин протоколго кол коюлган. Эмне үчүн ушул убакытка чейин ошол протокол ачыкталбай келет?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев бул маселе өтө кылдаттыкты талап кыларына токтолду.

"Бул кылдаттык менен карала турчу маселе. Эгер бир эле сөз туура эмес айтылып калса бүт процесс жокко чыгып кетиши мүмкүн. Качан гана сүйлөшүүлөр толук бүткөн соң ал ачыкка чыгат. Мында да айрым жерлери ачыкталбайт. Себеби кандай гана чечим болбосун эки тарапка тең өзүнүн элинин жерин саткан болуп калат. Бир кадам алдыга кеткени менен бир кадам артка кетүүгө да туура келет. Алардын президенти өзүнүн эли ичинде, биздин өлкө башчы эл ичинде жакшы эмес сөздөргө ээ болуп калышы мүмкүн. Чыр болгон жерлер боюнча качан гана маселе толук чечилгенде 100 пайыз толук маалыматты берүүгө болот", - деди эл өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: