Бишкектеги Эмен сейил багында ишембилик болуп, 7 унаа таштанды чыгарылды
Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына
ылайык, 3-августта Бишкектеги Эмен сейил багында ишембилик
өттү. Бишкек мэриясы "Мекендештердин бирикмеси" ассоциациясы менен
биргеликте уюштурган иш-чарада 7 унаа таштанды чыгарылып, ишембиликке 100 киши
катышты. Анда бактар буталып, сейил бактын аймагы таштандылардан тазаланды. Белгилей
кетсек, сейил бактын жалпы аянты 1,5 гектарды түзөт. Ал жерде 782 түп бак-дарактар
отургузулган.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
2
2
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















