super.kg logo
  Саясат  

"Газпромдун" мектеби "Газпром Кыргызстан" коомдук фондунун башкармалыгына өттү

 

Бүгүн, 31-июлда Бишкек шаардык кеңештин кезексиз жыйынында "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын каражатына курулган мектепти "Газпром Кыргызстан мектеби" фондуна колдонууга өткөрүп берүү чечими кабыл алынды.

Шаардык кеңештин депутаты Асылбек Кадралиев мыйзам долбоорунун токтомунун мыйзамдуулугуна кызыкты. Талкуу учурунда долбоор шаардык мэриянын аппараты тарабынан иштелип чыкканы айтылды. Мындан сырткары, мэриянын юридикалык бөлүмүнүн тиешелүү бүтүмү бар экени айтылды. Бирок бул жооптор Кадралиевди канааттандырган жок.

Мэриянын юридикалык бөлүмүнүн жетекчиси долбоор мыйзамдуу экенин баса белгилеп, талкууланып жаткан объект шаардык мэриянын муниципалдык мүлк башкармалыгынын карамагында экенин айтты. Шаардык кеңештин депутаты Канат Музуралиев шаардык кеңештин юридикалык бүтүмүн сурады.

Талкуудан кийин шаардык кеңештин депутаттары долбоордун токтомун колдоп, кабыл алышты.

Аталган коомдук фонд 2019-жылдын май айында негизделген жана фонддун негиздөөчүсү болуп "Газпром Кыргызстан" эсептелинет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: