super.kg logo

Ысытылган тамекиси бар буюмдар жана никотин камтылган суюктуктар товарлардын акцизделчү тобуна киргизилди

 

"Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамына ылайык ысытылган тамекиси бар буюмдар жана никотин камтылган суюктуктар товарлардын акцизделчү тобуна киргизилди.

Жогоруда айтылган мыйзамдын ченемдерине ылайык, товарлардын акцизделчү тобунун тизмеси кеңейтилди. Ысытылган тамекиси бар буюмдар электрондук сигареттерде пайдалануу үчүн картридждердеги, резервуарлардагы жана башка контейнерлердеги никотин камтыган суюктук акцизделчү товарлар болуп эсептелет.

Жогоруда аталган акцизделчү товарлардын жүгүртүлүшүнө мониторинг жүргүзүү мезгилинде (2019-жылдын 1-июлунан 31-декабрына чейин) акциз салыгынын ставкасы 0 сом өлчөмүндө белгиленген.

Мындан ары акциздин базалык ставкалары төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:

- 1 килограмм ысытылган тамекиси бар буюмдар 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин 610 сом, 2021-жылдын ичинде 700 сом, 2022-жылдын 1-январынан тартып 800 сом;

- 1 миллилитр никотин камтыган суюктук 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин 1 сом, 2021-жылдын ичинде 1,25 сом, ал эми 2022-жылдын 1-январынан тартып 1,5 сом.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: