super.kg logo
  Саясат  

Президент: "Бир ууч топтун жеке кызыкчылыгына каршы чыгышым мүмкүн, бирок элимдин кызыкчылыгына каршы чыкпайм"

 

"Бир ууч топтун жеке кызыкчылыгына каршы чыгышым мүмкүн, бирок элимдин кызыкчылыгына каршы чыкпайм" деп бүгүн, 31-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Панфилов районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбеков "бир ууч топко кызмат кылам, алардын кызыкчылыгын коргойм, уурулугун жашырам" деп убада бербегенин белгиледи.

"Мен элдин ишенимин алып, элдик президент болом деп убада бергем. Президенттик ишим аяктагандан кийин эл ичинде таза абийирим, ийгиликтерим менен калууну максат кылам. Элимдин, мамлекетибиздин кызыкчылыгы мен үчүн баарынан кымбат. Бир ууч топтун жеке кызыкчылыгына каршы чыгышым мүмкүн, бирок Кудай мени элимди, жеримди, мамлекетимди саткандан сактасын", - деди Сооронбай Жээнбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: