Боомдо жеңил унаа тосмону сүзүп кетип бир адам жабыркады
Боомдо жеңил унаа кырсыкка кабылып бир адам жаракат алды. Жол кырсыгы бүгүн, 31-июлда саат 16:00 чамасында болгонун Бишкек Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдирди.
"Кырсык Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 128-чакырымында орун алган. Анда 45 жаштагы айдоочу Фольксваген үлгүсүндөгү унаасы менен Бишкектен Кочкорго бара жатып жолдун ортосундагы тосмону сүзүп кеткен. Унаанын ичинде 7 адам болгон. Кырсыктын кесепетинен 1 адам жабыркады", - деди басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.