super.kg logo

Премьер-министр мугалимдердин айлык акысын жана пенсияларды жогорулатуу механизмдерин иштеп чыгууну тапшырды

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мугалимдердин айлык акысын жана пенсия өлчөмүн жогорулатуу механизмдерин талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы баса белгилегендей, бул маселелерди сапаттуу иштеп чыгуу өзгөчө маанилүү болуп саналат.

"Мугалимдер өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо жана өнүктүрүүдө кандай салым кошорун баарыбыз билебиз. Алардын ролу баа жеткис жана тийиштүү эмгек акыны талап кылат. Билим берүү тутумунун кызматкерлери татыктуу маяна алышынын маанилүүлүгүн биз түшүнөбүз жана бул багытта иштеп жатабыз. Эсиңиздерде болгондой, бул маселени өзүнүн шайлоо алдындагы программасында президент Сооронбай Жээнбеков белгилеген жана өкмөт так, жөндөлгөн иштерди камсыз кылууга тийиш. Бүгүн биздин алдыбызда келе жаткан күздө мугалимдердин айлык акы өлчөмүн жогорулатуунун натыйжалуу механимздерин аныктоо милдети турат. Мамлекет бул үчүн зарыл болгон финансы ресурстарын табууга тийиш. Пенсиялардын өлчөмүн көтөрүү дагы өзгөчө маанилүү маселе болуп саналат. Бул өкмөттүн жоопкерчилиги. Биз пенсиядагы жарандарыбыз үчүн тийиштүү жашоо деңгээлин камсыз кылышыбыз керек. Пенсия өлчөмү ушул күздө жогорулайт, аталган маселе боюнча тиешелүү мамлекеттик түзүмдөр туруктуу негизде иштеп жатышат", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр мугалимдердин айлык акысын жана пенсияларды жогорулатуу механизмдерин иштеп чыгууну тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.07.2019. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мугалимдерден башка да мамлекеттик кызматта аз айлыка иштегендердин айлыгын которсо жакшы болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: