УКМК: "Токой чарба агенттигинин башчысы менен анын жардамчысы пара алып жатып кармалды"
Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов менен анын жардамчысы А.И. пара алып жатып кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 30-июлда алар 2 миң доллар алып жаткан учурда кармалган. "Агенттиктин башчысы жана анын жардамчысы чет элдик жарандан Ысык-Көл токой чарбасында Ананьево айылындагы жер фондунан 5 гектар жер участогун берүүдө оң чечим чыгарганы үчүн пара талап кылган. Тинтүү учурунда алардын ар биринен 1 миң доллар акча табылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "пара алуу" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
zhigitaly

31.07.2019. 21:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Таң калыштын кереги Жок. Болуп эле жүргөн нерсе да. Аны баары билет. Сары челек коругуна директор болуу үчүн ставкасы 15000 доллар деген сөздөр бар
Jelezo

01.08.2019. 11:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Директор лесхоз болуш 5 миң.Начальник упр. 20 миң.доллар.
tattusha

01.08.2019. 12:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атайын прайс листи бар го устундогу комментарийлерди окусам
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.