super.kg logo
  Саясат  

Премьер-министр "Центерра голд" компаниясынын президенти менен жолукту

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен "Центерра голд" компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скот Перри жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө "Центерра голд" компаниясынын ишмердүүлүгү жана "Кумтөр" кенинин натыйжалуулугун мындан ары жогорулатуу максатында кызматташтыкты тереңдетүү маселелери талкууланды.

Скот Перри Мухаммедкалый Абылгазиевге 2019-жылдын 1-жарым жылдыгында "Кумтөр" ишканасында 9,2 тонна алтын өндүрүлгөнү тууралуу маалымдады. Мындан тышкары анын айтымында, 2018-2019-жылдары геологиялык чалгындоо иштеринин программасына 18 миллион доллар бекитилген. Үстүбүздөгү жылдын майында аталган компания бул максаттарга кошумча 6 миллион доллар бөлгөн.

Алар Кыргыз тарап үчүн экологиялык төлөмдөрдү көбөйтүп, аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондун түзүүнү камтыган Стратегиялык келишимдердин күчүнө кирүү маселелерин талкуулашты.

Мухаммедкалый Абылгазиев алтын-кен ишканасынын ишинин өлкө экономикасы үчүн өзгөчө маанисин белгиледи. Ал чечим кабыл алуунун бардык процесстери Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эске алуу менен ачык-айкын шарттарда өтүүсү керектигин баса көрсөттү.

Өкмөт башчы "Кумтөр" кенинин натыйжалуу ишин камсыз кылуу үчүн анда экологиялык жана техникалык ченемдерди мындан ары карай кынтыксыз сактоо зарылдыгына "Центерра голд" өкүлдөрүнүн көңүлүн бурдурду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: