super.kg logo

Бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону өз кызына сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөткөнү үчүн 18 жылга эркинен ажыратылды

 

Бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону, аргентиналык мушкер Карлос Бальдомир 18 жылга эркинен ажыратылды. Ал өз кызына сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөткөн деп айыпталганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Мушкерди анын мурдагы жубайы сотко берип, сотто 14 күбө көрсөтмө берген. Ал эми Карлос Бальдомир сот залында отургандарга ортоңку бармагын көрсөтүп, мазактап, окуяны чагылдырган журналисттерге муштумун түйгөн.

Мушкер 2016-жылы кызына сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөткөн деген айып менен камакка алынган. Ал эми быйыл анын иши сотто каралып, 18 жылга эркинен ажыратуу чечими чыккан.

Карлос Бальдомир 2014-жылы карьерасын жыйынтыктаган. Ал 49 жолу жеңишке жетип, 16 ирет жеңилүү ызасын тарткан. 6 жолку беттеши тең чыгуу менен аяктаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
01.08.2019. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чемпион болбой кал
01.08.2019. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аргентиналыктардын ортоңку колу узун окшойт э былтыр эле Марадоннаныкын көрдүк эле.
01.08.2019. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боксерлордун башы жакшы болбой калат да чайкала берип
05.08.2019. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ортонку бармак деп кой)))Манжада бир эле бармак болот!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: