Чүйдө 15 жаштагы өспүрүм ушул жылдын февраль айынан бери дайынсыз жоголуп изделүүдө
Чүйдүн Сокулук районунда 15 жаштагы Марлен Раимбеков аттуу өспүрүм изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, изделип жаткан жаран Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жашап келген. Ал ушул жылдын 2-февралынан бери дайынсыз.
Өзгөчө белгилери: бою 160-165 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чачы кара.
Сүрөттөгү баланы көргөн-билгендер болсо, Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө же төмөндөгү номерлерге байланышып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш телефону: 0 (312) 60-75-67, 0709 35-35-29, 0558 86-14-86, 102.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.