Апрель окуясында жакындарын жоготкон жарандар Бакиевди көрсөткөн эки канал жабылбаса митингге чыгарын билдиришти

Курманбек Бакиевди көрсөткөн эки телеканал жабылбаса митингге чыгабыз. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта маалымат жыйынында "Айкөл Таза коом" коомдук бирикмесинин мүчөсү Усупбий Шеримбеков билдирди.
"Бакиевди көрсөткөн эки канал боюнча тиешелүү кайрылууларды эртең УКМК, Башкы прокуратурага жана башка тиешелүү мекемелерге таштайбыз. Биз ал каналдарга чара көрүлсүн деген талап коёбуз. Эгер тиешелүү чаралар көрүлбөсө, митингге да чыгып өз оюбузду айтууга даярбыз", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
Рейтинг:
3

Сен билесиңби. Элдин канын төккөн Бакиевке өлүм гана жарашат. Адамдарды өлтүрүүгө буйрук берген Бакиевти мактаган каналды жабыш керек. Бакиев өлкөнү жеп жуткан.
Бакиевдер элди кыйнап салды, бары жокту кымбаттатып, элди мал ордуна коруп.
Эми Бакиев жакшы болчу деп мактагандарга тан калам...
Мен АШАнын тарабын албайм, бирок чындык учун айтып коюш керек, АШАнын телеканалы башка. Бул телеканалдар бири Илмияновдуку, бири Келдибековдуку. Келдибеков Бакиевдин шестеркасы болуп жургонун баарыбыз билебиз...