super.kg logo
  Саясат  

Премьер-министр Өзбекстан менен чек араны делимитациялоо боюнча ишти күчөтүү керектигин айтты

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстан менен чек араны делимитациялоо боюнча ишти күчөтүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-августта Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолукканда билдирди.

Абылгазиевдин айтымында, тар чөйрөдөгү сүйлөшүүдө көптөгөн актуалдуу маселелер чечилди.

Абдулла Арипов белгилегендей, эки мамлекеттин элдерин миңдеген жылдык достук жана коңшулаштык алакалар бириктирип турат. "Өлкөлөрдүн ортосунда ишенимдүү мамилелерге жетишүүгө Кыргыз-Өзбек президенттери зор салым кошушту. Бүгүн Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу өттү. Анын өзөгү - биздин мамилелерибизди коңшулаштык жана достук маанайда мындан ары карай өнүктүрүү болуп саналат", - деп кошумчалады Өзбекстандын премьер-министри.

Эки жактуу мамилелерди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулаган тараптар өлкөлөр ортосунда товар жүгүртүүнү 500 миллион долларга чейин жеткирүүгө бирдей умтулууну билдиришти. Өкмөт башчылар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашып, бардык тарапта өз ара аракеттешүүнүн эки тараптуу байланыштарын тереңдетүүнүн келечек жолдорун белгилешти. Анын ичинде өлкөлөр арасындагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана чек ара кызматташтык, айыл чарба жана энергетика жана башка тармактарда өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: