super.kg logo

Салык кызматы: "Июль айында 6 миллиард сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогулду"

 

Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын июль айында 6 миллиард 747 миллион 1 миң сом суммасында салыктар жана төлөмдөрдү чогултуп, белгиленген план 102,2 пайызга аткарылды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын июль айына салыштырмалуу салыктардын түшүшү 754 миллион 4 миң сомго өстү. Ушул эле мезгилде 2 миллиард 512 миллион 5 миң сом суммасында камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды. 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүү 266 миллион 2 миң сомго өстү. Ошол эле учурда 6 айдын жыйынтыгы боюнча толугу менен чогултулбай калган салыктардын (1 миллиард 517 миллион 4 миң сом) жана камсыздандыруу төгүмдөрдүн (750 миллион1 миң сом) суммасы июль айындагы пландын ашыгы менен аткаруунун эсебинен салык боюнча 147 миллион 1 миң сомго жана социалдык төгүмдөр боюнча 79 миллион 7 миң сомго кыскарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.08.2019. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салык салганды конечно жакшы билесиңер да дагы 102% деп мактанып коюшат. Биринчи мүмкүнчүлүк түзгүлө да болбогон нерсеңерге эле салык сала бербей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: