Мектептерде чет тил боюнча сабактардын сааты көбөйтүлдү
Өлкөнүн бардык мектептеринде чет тил сабактарынын сааты көбөйтүлдү. Мындай маалыматты Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Быйылкы окуу жылынын базистик планына ылайык, 7-класстын окуучуларына чет тилдерди окутуу 2 сааттан 3 саатка чейин көбөйтүлдү. Мектептердеги чет тилдерди окутуу программасы 3-класстан 11-класска чейин кирген.
2017-жылы 5-класстын окуучуларына чет тилдерди окутуунун сааты 5 саатка, 6-класстын окуучуларына 4 саатка көбөйтүлгөн.
Мындан тышкары тажик, өзбек тилдүү мектептердеги 8-класстын окуучуларына чет тилдерди окутуу 1 саатка көбөйтүлгөн", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
3:33
2025-07-23
Рейтинг:
0

Жети элдин тилин бил, жети турлуу билим бил.
Россиянын баркы калбады.
Тил уйронуп чет олкого чыгуу к.к.