super.kg logo

Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышы өттү

 

"2018-жылы эмгек мигранттары жана жергиликтүү ишкерлер Кыргыз мамлекетинин аймактарынын өнүгүүсүнө 6 миллиард 1 миллион сом салым кошту" деп бүгүн, 2-августта президент Сооронбай Жээнбеков чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышында айтты.

Президент акыркы убакта мекендештер өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүгө активдүү инвестиция салып жатканын, кичи мекениндеги социалдык жана экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышып баштаганын белгиледи.

"Мектеп, бала бакча, көпүрөлөрдүн курулушуна көмөктөшүп, колунда жок адамдарга, жалгыз бой энелерге, жетим балдарга жардам берүүдө. Бул тажрыйба мындан ары да уланып, киндик кан тамган кичи мекениңерге жардам көрсөтө бересиңер деп ишенем. Мындай тажрыйба аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-милдеттерди аткарууга чоң көмөк болууда", - деди Жээнбеков.

Мамлекет башчысы мекендештерге аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик деңгээлдеги демилгелерди колдоп жатканына терең ыраазычылык билдирди.

"Аймактарды өнүктүрүү иштери тийиштүү жарлыгымдын алкагында быйыл экинчи жыл жүрүп жатат. Бул менин президенттик ишимдеги артыкчылыктуу багыт болот, бир-эки жыл менен чектелбейт" деп баса белгиледи мамлекет башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
02.08.2019. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайлоого карата пиар!
04.08.2019. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azatbek.Svoboda., кайдагыны айта берген былжырак экенсинер! Шайлоонун эмне тиешеси бар бул жерде?
04.08.2019. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мигранттар сизди колдойбуз президент мырза! Атамбаевди кустуруш керек эртерээк!
04.08.2019. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жээнбеков жакшы иштерди кылып жатат ууруларды кустуруп туура кылыды Атамбаевдин кезинде бүт жак коррупцияга белчесинен батып кетиптир
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: