super.kg logo

Кыргыз мамлекети айрым өлкөнүн жарандарына жеңилдетилген виза берет

 

Эми 11 өлкөнүн жарандарына Кыргыз визасын алуу жеңил болот. Өкмөттүн 2019-жылдын 1-августунда кабыл алган токтомуна ылайык жеңилдетилген виза режими киргизилген өлкөлөрдүн тизмеси кеңейтилди. Алар Алжир, Бангладеш, Египет, Индия, Иордания, Ливан, Марокко, Непал, Пакистан, Тунис жана Шри-Ланка өлкөлөрү экенин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Аталган өлкөлөрдүн жарандары Бириккен Араб Эмираттарынын, Кувейт, Катар, Бруней-Даруссалам, Оман жана Бахрейн мамлекеттеринин (жарандар аты аталган өлкөлөрдүн резидент-карталарына ээ болуулары керек) аймагында туруктуу жана мыйзамдуу жашоого тийиш.

Кыргыз жергесине келүү үчүн 1 айга чейинки кыска мөөнөттүү туристтик виза алуу үчүн резидент-карталарын жана резидент-визаларын (бир жерде туруктуу жашоого укук берүүчү документин) көрсөткөндө гана жеңилдетилген тартипте берилет (атайын чакыруунун зарылчылыгы жок эле жеке кайрылуунун негизинде).

Виза берүүнүн жеңилдетилген тартибин киргизүү өлкөгө Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн меймандарды тартууга шарт түзөт. Учурда Персид аралындагы өлкөлөргө авиакаттамдар ачылып жаткандыктан бул иш актуалдуу болуп саналат.

Кыргыз Республикасы Жакынкы Чыгыштын өнүккөн араб өлкөлөрүнүн резидент-жарандары үчүн жеңилдетилген виза режимин киргизген аймактагы алгачкы өлкө болуп калды”, - деп жазылат маалыматта.

Жеңилдетилген виза берүү боюнча өкмөттүн токтому 2019-жылдын 11-августунда күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
02.08.2019. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Идустар каптаганы аз келгенсип эми башыбызга минип алышат экенда. И так деле коомдук унаада аран журобуз.
02.08.2019. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жалан тугонгон олколорго бериптир
02.08.2019. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Chungyz,туура айтасын жалан конченный олколорго берилиптирго женилдик
02.08.2019. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизди Америкага барганы женилдеткилечи андан көрү
02.08.2019. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Общий дом.
02.08.2019. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иши кылып Кытайга бере көрбөгүлө да.
02.08.2019. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизде и так визасыз деле кыргызстанга оной кирип чыгып журо берсе болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: