super.kg logo

"Санариптик Кыргыз өлкөсү: Аймактарды өнүктүрүү келечеги" аттуу эл аралык экономикалык форуму өттү

 

Бүгүн, 2-августта "Санариптик Кыргыз өлкөсү: Аймактарды өнүктүрүү келечеги" аттуу эл аралык экономикалык форуму өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Форумга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов катышты. "Ысык-Көл форуму экономиканы өнүктүрүү маселелерин анын тенденцияларын жана келечегин талкуулоо үчүн жылдан-жылга өлкөдөгү эң ири аянтча болуп келүүдө. Биздин иш-чаранын башкы темасына өтүп жатып белгилей кетсем, 2019-жыл президенттин жарлыгы менен "Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы" деп жарыяланган. Ага ылайык, аймактарды өнүктүрүүгө жана коомчулуктун күнүмдүк жашоосуна жаңы технологияларды киргизүүгө зор көңүл бурулууда. Бул жалпысынан өлкөнүн бардык аймактарында социалдык-экономикалык өнүгүүгө татыктуу салым кошот деп эсептейбиз", - деди Кубатбек Боронов.

Анын айтымында, өкмөт мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, Евразия экономикалык биримдиги, Бүткүл дүйнөлүк соода уюму жана башка интеграциялык биримдиктер менен биргеликте ата мекендик жана чет элдик бизнеске келечектүү рынокторго жол ачууда.

"Биз бизнеске келечектүү жана маанилүү долбоорлорду ишке ашыруунун кеңири мүмкүндүктөрүн ачууга багытталган конструктивдүү диалог түзүүгө өзгөчө маани беребиз. Кыргыз Республикасынын аймактарында инвестицияларды жана маалыматтык технологияларды илгерилетүү аркылуу аймактык өнүгүү тиешелүү деңгээлде көтөрүлүп, күттүрбөстөн натыйжаларды берет", - деди Кубатбек Боронов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: