super.kg logo

Өкмөт башчы тийиштүү мекемелерге Казакстанда жол кырсыгынан каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча чараларды көрүүнү тапшырды

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстанда жол кырсыгынан каза тапкан Кыргыз жарандарынын туугандарына жана жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы Ички иштер министрлигине Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте жабыркагандарга жана каза болгондордун туугандарына жардам көрсөтүүнү жана маркумдардын сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча тийиштүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Мухаммедкалый Абылгазиев жардам көрсөтүү маселесин жеке көзөмөлүнө алып, өкмөттүн аппаратына аткарылган иштердин жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды ыкчам жиберип турууну милдеттендирди.

Кызыл-Ордо облусунда КамАЗ менен Toyota үлгүсүндөгү унаа сүзүшүп, эки Кыргыз жараны каза болгонун казакстандык басылмалар жазып чыгышкан.

Кыргыз мамлекетинин Алматы шаарындагы Башкы консулдугу билдиргендей, 1-августта Кызыл-Ордо облусундагы жол кырсыгынан Кыргыз Республикасынын беш жараны каза болгон. Алар: 1974-жылы туулган А.К., 1978-жылы туулган С.Н., 1983-жылы туулган А.Т., 1991-жылы туурган М.У., 2001-жылы туулган К.А. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Ар түрдүү жаракаттар менен үч Кыргыз жараны ооруканага жаткырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
02.08.2019. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тузук онолгула дагы
02.08.2019. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эки эмес, сегиз деп жатышат
02.08.2019. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казактар тиги Камазистти актап куткарып алышат, алар кыргыз эмес өздөрүнүн артына өздөрү суу куйгудай. Эгер ал кырсык Крда болгондо, биздин сабатсыз укук коргоочулар тиги Камазисттин канын өздөрү ичишмек.
JENTLEMAN түзөттү 2019-08-02 22:38:58
03.08.2019. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне болгондо да акырын айдаш керек ажал экен аны эчким токтото албайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: