Москвада митингде кармалган төрт активист 27-сентябрга чейин камакка алынды
Москвада митингде кармалган активисттер 27-сентябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, соттун чечими менен активист Кирилл Жуков, Алексей Миняйло, Иван Подкопаев жана Самариддин Раджабов 2 айга камакка алынды. Укук коргоо органдары аларды митинг учурунда массалык башаламандыкка катышкан деп айыптап жатат.
27-июлда Москвада шаардык кеңешке шайлоого катышпай калган талапкерди коргоп, 3 миңден ашык адам митингге чыккан. Алардын 1000дейи полиция тарабынан кармалган. Айрымдары административдик жазага кээ бирлери 30 күнгө чейин камалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.