Калмира Билимбек кызы күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынды






Кыргыз балбаны Калмира Билимбек кызы күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынды. Ал 53 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашты.
Финалга чейин Билимбек кызы 4 атаандашын жеңип алган. Алтын медаль үчүн күрөштө кытайлык Жоажиң Ши менен кез келди. Беттеште кытайлык спортчу биринчи бөлүктө таза жеңишке ээ болду. Жыйынтыгында Билимбек кызы күмүш медалга татыды.
1/16 финал
Калмира Билимбек кызы - Элнура Маммадова (Азербайжан) - 9:5
1/8 финал
Калмира Билимбек кызы - Мария Уильумсен (Дания) -Билимбек кызынын таза жеңиши
1/4 финал
Калмира Билимбек кызы - Алесия Хетманава (Беларусь) - 9:1
1/2 финал
Калмира Билимбек кызы - Алтын Шагаева (Казакстан) - Билимбек кызынын таза жеңиши
Финал
Калмира Билимбек кызы - Жоажиң Ши (Кытай) - Жоажиң Шинин таза жеңиши
Аталган медаль бул Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз өлкөсү үчүн эң алгачкысы болду.







1 |