Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Кыргыз өлкөсүнө 9-августта келет
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешине катышуу үчүн Кыргыз өлкөсүнө 9-августта келет. Бул тууралуу Орусия өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирет.
Чолпон-Атада өтө турган иш-чарада ЕАЭБ боюнча маселелер талкууланат. "Жолугушууда ЕАЭБдеги жалпы финансы рыногун түзүү, өндүрүш жана санарип тармагындагы багыттар боюнча маселелерге көңүл бурулат", - деп жазылат маалыматта.
Отурумдун жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол коюу күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

Рейтинг:
0

