super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 5-АВГУСТ: Ролу аркылуу элди шолоктоп ыйлатканы үчүн атактуулукка жеткен, аны менен бизнес кылган корей актёру Квон Саң У 43 жашка чыкты

 

Бир кезде корей сериалын көрүп бүткүчө жүз ыйлап, жүз соорончубуз. "Көз жаштын мырзасы", "Трагедиялардын каарманы" атыккан актёр Квон Саң У бүгүн 43 жашка чыкты. Анын атактуулукка карай жолу кандай өткөнү, азыркы тапта эмне менен алек болуп жатканы кызыкпы, анда төмөндү көздөй ээрчий окуңуз.

"Бейишке карай тепкич" сериалынан кадр.
"Бейишке карай тепкич" сериалынан кадр.


Квон Саң У карьерасын 1990-жылдардын аягында модель катары баштаган. 2001-жылы тасмадагы тушоосу кесилип, бирок "Менин курбум - репетитор" (2003-жыл) аттуу киносунан кийин эл оозуна алынган. Карьерасындагы тепкичтерди улам аттап басып өтүп, "Бир жолу мектепте" тасмасы (2004-жыл) , "Бейишке карай тепкич" (2003-жыл) сериалынан кийин атактуулукту бир эле Түштүк Кореяда эмес, бүткүл Азия континентин да багынтат.

"71: От ичинде" тасмасынан кадр.


Бирок карьерасындагы терс жакка карай өзгөрүүлөр бат эле келип, бир топ тартылган фильмдер да, сериалдар да ийгилик алып келбейт. Бул 2010-жылга чейин созулган. Адегенде "71: От ичинде" аттуу тасма, анын артынан эле "Президент айым" деген сериал актёрду гезит-журналдардын биринчи бетине алып келет.

2008-жылы Квон Саң У "Корея сулуусу" жана актриса Сон Тэ Йоңго үйлөнгөн. "Үйлөнүү тойдон кийин каттоодон өткөн күйөрмандарымдын саны 240 миңден 135 миңге түштү. Үйлөнгөнгө чейин жылына 7 жарнамалык роликке тартылсам, 2009-жылы алардын саны нөл болуп калды" деген жайы бар. Анткен менен эки атактуу учурда бир уул жана бир кызды тарбиялап келишет.

Атактуулук туруктуу болбой турганын түшүнгөн актёр өз атын колдонуп, бизнес кылууга өтөт. 2009-жылы ал "Natural Tears" косметикалык фирмасын негиздеп, аталышын "Mr. Tears" ("Көз жаштын мырзасы") деген ага күйөрмандары койгон ысымдан алган. Мындай өзгөчө атка ал "Бейишке карай тепкич" сериалынан кийин ээ болуп чыга келген. Ошондой эле кыймылсыз мүлк боюнча да алып-сатарлык иш кылат. 2018-жылы 25 миллион доллар турган Сеул шаарында жайгашкан кезектеги имараттарынын бирин сатып алган. Соңку 6 жылда 3 имарат жана Австралиядан эс алууга деп пентхаус алган. Баары биригип, актёрдун карамагында 64 миллион доллардын тегерегин чапчыган кыймылсыз мүлкү бар.

"Азгырык" сериалынан кадр.

"Бейишке карай тепкич" сериалынын күйөрмандары үчүн эки башкы каармандын кайрадан 11 жылдан кийин чогуу бир сериалга тартылуусу чоң белек болгон. Чой Жи У үчүн деле, Квон Саң У үчүн деле "Бейишке карай тепкич" карьерасындагы эң эсте калган долбоор жана күйөрмандарынын жүрөгүнөн түнөк тапкан ролдор бойдон кала берери бышык.


Квон Саң У акыркы жылдары детективдин ролунда сериалдарга, тасмаларга тартылып жүрөт. Актёр спорттун ар кандай түрлөрү менен көп машыгат жана чымыр денеси менен да атактуу.

5-августтун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
05.08.2019. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул сериялды азырга дейре коруудон тажабайм
06.08.2019. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lightning57,кечиресиз кайсы тилдегисин коросуз айтып коюнчу
05.08.2019. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул баланы Кыш санатасындагы бала деп журо берген турбаймбы.Пак Юн Ха га аябай окшош турбайбы.Бул баланы каза болгон деп журомго мен.☺☺
05.08.2019. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чжен Жун
05.08.2019. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы мырзадай.корей балдар кобу кызга окшошуп журушот
05.08.2019. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elmira.,кайсыл жери чыныгы мырзага окшошуп турат кыздардай болуп отурушубу же кыздардыкындай чачыбы
06.08.2019. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
самовий ишк озбекче перевод лестница в небеса орусчасы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: