super.kg logo

Ош-Бишкек жолунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө өзгөчө көзөмөлгө алынууда

 

Аба ырайынын аптабы ысык болгондугуна байланыштуу Ош-Бишкек каттамында оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө өзгөчө көзөмөлгө алынууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, эл аралык жолдун сапатын сактоо максаты көздөлүп, күндүзү оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө жол бербөөгө жол көзөмөлдөөчүлөр Транспорт министрлигинин кызматкерлери менен бирдикте жүргүзүшүүдө. Айдоочуларга да түшүндүрүү иштери жүрүүдө.
"Негизи аба ырайы 28 градустан ашкандан кийин оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилет. Посттордо да көзөмөл күчөтүлгөн, түнкүсүн гана уруксат берилүүдө" дейт Жалал-Абад облустук ЖКККБнын өкүлү.

Буга чейин 1-июндан 1-сентябрга чейин күндүн табы +28ден жогору болгондо эртең мененки саат 9:00дөн кечки 20:00гө чейин оор жүк ташуучу унаалардын каттамына чектөө киргени айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
04.08.2019. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Талкаланып буткон жолдун эмнесин сактамак эленер эми. Окмот эки жуздуу болуп буттунор го. Элди кок мээ, эч нерсе тушунбойт дегенсип.
04.08.2019. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайсы жолду бул жолдор женил машина журсо деле талкаланат сапаты начар.
04.08.2019. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсыздар бирок кечиктинер
05.08.2019. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында жолду ошол оор жүк ташуучу теникалар талкалап жатат. Эн коп кырсые да ушул унааардын катышуусунда болууда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: