super.kg logo

Кыргыз мамлекетине кайта албай жаткан жаран акыйкатчыдан жардам сурады

 

Акыйкатчынын наамына Бишкек шаарынын тургуну В.Данилова кайрылды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 2007-жылы Орусиянын Нижневартовск шаарына иштөө үчүн чыгып кеткен. "Анын апасы Данилованы өз мекенине кайтууга көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн. Арызда жазылгандай, 5 жылдан кийин апасы менен байланыш үзүлгөн. Кийин туугандарынын бири издегенде, анын бул аралыкта эки жолу үйү өрттөнгөнү маалым болгон. Ошондой эле ден соолугу да начарлаган. Ушул убакка чейин ал ден соолугун калыбына келтире албай жүрөт. Андан тышкары анын Бишкек шаарында 2007-жылы алган паспортунун мөөнөтү да өтүп кеткен.

Акыйкатчынын Орусиянын Ханты-Мансийск аймагындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү бул окуя боюнча Свердлов облусунун башкы консулдугуна кайрылды. Бирок Башкы консулдуктан жаран өзү келиши керек деген талап коюлган. Данилова ден соолугуна байланыштуу бара албайт", - деп жазылат маалыматта.

Акыйкатчы институту Тышкы иштер министрлигине жана министрликке караштуу консулдук кызматы боюнча департаментке кат менен кайрылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.08.2019. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Озу келсин деп доомат койбой барып жардам беришпейби кабинеттен чыкпай отуруп алышып жаман уйронушкон биздин элчилер. Жазылып турат ден соолугу начар деп. Качан онолосунар деги
05.08.2019. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Биздин акыйкптчылар ворлорго эле жардам берет.Консулствону жоюп эле салышса посредниктин баары ошо жерде
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: