Министрликтердин жана мекемелердин ишин пландоо методикасы бекитилди
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин пландоо методикасын бекитүү жөнүндө" өкмөттүн токтомуна кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, программасын ишке ашыруу үчүн ченемдер менен бекитилген максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүү боюнча министрликтердин жана мекемелердин ишин пландоонун жаңы ыкмасы сунушталууда.
Өкмөттүн программасы менен белгиленген натыйжалуулуктун башкы көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча ишмердүүлүктү уюштуруу атайын башкаруу объекти катары бөлүнөт.
"Өкмөттүн программасы менен белгиленген натыйжалуулуктун башкы көрсөткүчтөрүнө жетишүү боюнча ишмердүүлүктү уюштурууну" пландаштыруу үчүн программалык-максаттуу пландаштыруу ыкмасы колдонулат.
Максаттуу көрсөткүчтөр катары өкмөт үчүн бекитилген максаттар жана милдеттер кабыл алынат. Биринчи кезекте бул Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген өкмөттүн программасы, ошондой эле Жогорку Кеңештин алдындагы премьер-министрдин отчётунун форматы жана 2018-2040-жылдарга карата Кыргыз Республикасын өнүктүрүү улуттук стратегиясы.
