Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаиковага издөө жарыяланды
Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаиковага издөө жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы паспорт даярдоо боюнча тендерге байланыштуу иликтөө жүргүзүп жатат. Шаикова жактоочусу аркылуу бир канча жолу суракка чакыртылган. Бирок ал келген жок. 5-августка чейин Шаикова суракка келбесе ага издөө жарыялана турганы айтылган.
1-апрелде УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы паспорт даярдоо боюнча тендерге байланыштуу иликтөө жүргүзүп жаткандыгы белгилүү болгон. 16-апрелде иликтөөнүн жыйынтыгы менен Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилик кызматындагы 3 адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
19-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова кызматынан бошотулган.





1 |