super.kg logo

"Центерра Голд" жана "Кумтөр Голд Компани" 2019-жылдын экинчи чейректеги өндүрүшүн жыйынтыкташты

 

"Центерра Голд" жана "Кумтөр Голд Компани" 2019-жылдын экинчи чейректеги өндүрүшүн жыйынтыкташты. "Кумтөр Голд Компани" алты айда 301373 унция1 же 9373,76 килограмм алтын өндүрүп, 4,22 миллиард сомдон ашуун салыктар жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.

Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү

"Кумтөр" кениндеги 2019-жылы II чейрегиндеги алтын ɵндүрүү кɵлɵмү 151 065 унцияны, сатып өткөрүлгөн алтындын көлөмү 2019-жылы экинчи чейрегинде 153 307 унция, же 4 768,38 килограмм алтынды түздү. Алтынды сатып өткөрүүдөн жалпы киреше 2019-жылы экинчи чейрегинде 197,7 миллион доллар болду.

"Кумтөр" кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын "Кумтөр Голд Компани", "Кыргызалтын" ААКсы жана Кыргыз өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта шаары аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү Кыргыз мамлекетинин аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз “Кыргызалтын” ААКсы гана ээ.

"Центерранын" президенти жана башкы кызмат адамы Скотт Перри мындай комментарий берди: "Кумтɵр" кенинде келишим боюнча иштеген ишканалардын кызматкерлери ушул чейректе бир жыл жумуш убактысын жоготуусуз иштɵɵгɵ ийгиликтүү жетишкенин кубаныч менен билдирем. Бул ийгилик "Центерранын" "Work Safe – Home Safe" коопсуздук программасын бардык кызматкерлерибиз кынтыксыз жолдоп, жумуш орундарында нөл кырсыкка умтулуусун чагылдырат. Экинчи чейректин жыйынтыктары компаниянын позицияларын бекемдɵɵгɵ, быйылкы күтүлгɵн алтын ɵндүрүүнү 550, 000-575, 000 унцияга чейин кɵтɵрүүгɵ мүмкүнчүлүк берди", - дейт ал.

"Кумтөр" кени - Кыргыз Республикасында жайгашып, Борбор Азиядагы батыш компания башкарган эң ири алтын кен. 1997-жылдын май айында өнөр жайлык өндүрүш башталгандан тартып 2019-жылдын 30-июнуна чейин "Кумтөрдө" жалпысынан 12,3 миллион унция алтын өндүрүлгөн.

"Кумтөр Голд Компани" - бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жооптуу "Кумтөр" долбоорунун оператору.

"Центерра Голд" Түндүк Америкада, Азияда жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген алтын өндүрүүчү Борбор Азиядагы эң ири батыш алтын өндүрүүчү канадалык компания. "Центерранын" эки негизги активи - Кыргыз Республикасында "Кумтөр" алтын кени жана Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы "Маунт Миллиган" алтын, жез кени бар жана Түркияда "Оксут Голд" кенинде кен ишкана курууда. "Центерра Голд" "Центерра" акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символунда жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада жайгашкан.

Кыргыз Республикасы "Кыргызалтын" ААКсы аркылуу "Центерра" акцияларынын эң ири үлүшүнүн - 77 401 766 акциясынын кармоочусу. 2019-жылдын 5-августуна карата Кыргыз өлкөсү акциялар үлүшүнүн наркы 633 миллион доллардан ашты.

"Центерра Голд" жөнүндө кошумча маалымат жана толук пресс-релиз www.sedar.com SEDAR системасында, www.centerragold.com жана www.kumtor.kg корпоративдик сайттарда.

Кошумча маалымат үчүн ЖМК менен байланыштар бөлүмүнө кайрылыңыздар.

Тел.: (312) 90-07-07; 90-08-08; факс: (312) 90-07-28 KGC.mediа@centerragold.com






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
05.08.2019. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Же суйуноорунду билбейсин же ыйлаарынды билбейсин сатып отуруп 26% улушубуз калды озубуз иштетсек 2млрд доллар акциябыз + киреше коп акча болмок экен
u02u02 түзөттү 2019-08-05 15:32:25
05.08.2019. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Азыркы бийлик окулдору жакшы келишим тузгон. Салыктар, алымдар бир топ кобойтулгон. Сапар Исаков болсо жашыруун келишимге кол коюп чыккынчылык кылды эле
12.08.2019. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
экономика тоо кен тармагы жок онукпойт, тармакка туура мамиле кылуу зарыл азыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: