super.kg logo

Кыргыз өлкөсүнүн киберкоопсуздук стратегиясы 2023-жылга чейин бекитилди

 

Кыргыз өлкөсүнүн киберкоопсуздук стратегиясы 2023-жылга чейин бекитилди. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Токтомдун максаты - жарандардын, бизнестин, мамлекеттин коопсуздук деңгээлин камсыздоо үчүн алардын кибермейкиндиктеги маанилүү кызыкчылыктарын коргогон жана улуттук экономиканы санариптик трансформациялоону камтыган киберкоопсуздук улуттук стратегиясын түзүү болуп саналат.

Коопсуздук кеңештин чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздук стратегиясы иштелип чыкты. Ал төмөнкү маселелерди ишке ашыруу боюнча кадамдарды жана көз караштарды аныктайт:

  • банктык, телекоммуникациялык, башка сервистик инфратүзүмдөрдүн, кибер коркунучтарга жооп берүү жана мониторинг жасоо борборлорунун киберкоопсуздугун камсыздоо үчүн компьютердик инциденттерге жооп берүү топтору сыяктуу өз ара так ажыратылган уюмдук түзүмдөрдү түзүү;
  • компьютердик кылмыштуулукка каршы күрөшүү үчүн укуктук жана методикалык негиз түзүү;
  • маалыматты коргоонун, анын ичинде маалыматты криптографиялык коргоонун улуттук системин түзүү;
  • Кыргыз Республикасынын кооптуу маалыматтык инфраструктура коопсуздугун, мамлекеттик түзүмдөрдүн жана мамлекеттик эмес секторлордун киберкоопсуздугун камсыздоо тутумун түзүү;
  • киберкоопсуздук коопсуздукту камсыздоо жаатындагы техникалык жана эл аралык стандартташтыруу;
  • киберкоопсуздукту камсыздоо үчүн потенциалды өстүрүү жана адам ресурстарын чыңдоо.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: