super.kg logo
  Спорт  

Өмүр бою футболдон четтетилген Кыргыз спортчулары тууралуу Футбол федерациясы расмий билдирүү жасады

 

2-августта Азия футбол конфедерациясы расмий билдирүү тараткан. Анда дисциплинардык-этикалык комитет айрым спортчуларды өмүр бою футболдон четтетүү чечимин чыгарган. Ага ылайык, Курсанбек Шератовго, Ильяз Алимовго, Владимир Веревкинге футболго байланыштуу бардык оюндарга катышууга тыюу салынган. Аты аталган оюнчулар Кодексти бузгандыгы айтылган. Тагыраагы, жогорудагы футболчулар 2017-2018-жылдары АФК Кубогунда башка клубдар менен сүйлөшүүгө барган деген факт менен күнөөлүү деп табылган. Ошондой эле, Шератов оюндарда букмекердик ишкердикти колдогон деп айыпталганы маалымдалган.

"Иликтөө иштери 2017-жылы "Sportradar" компаниясынын технологиясы менен жүргүзүлө баштаган. Ал эми Футбол федерациясы бул тууралуу кабардар болуп, процесске катышкан. Иликтөөнүн алкагында аталган компания 2017-2018-жылдары АФК кубогунда айрым футболчулар тарабынан букмекердик ишкердиктин колдонулгандыгы тастыкталып, спортчуларга карата чечим чыгарган.

АФКнын бул чечими менен дагы бир ирет кандайдыр бир көз боёмочулукка жол берилбей тургандыгын далилдеди. Ал эми Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы АФКны мындай иштерде толук колдойт.

Сүйлөшүүлөр аркылуу өткөн футбол оюну - бүгүнкү күндөгү футболдогу маанилүү маселе. Мындай оюн спорттук мелдештерди жок кылат жана зыянга учуратат. Аты аталган футболчуларга чыккан чечим Кыргыз жергесиндеги футболдо дагы олуттуу маселелер бар экендигин көрсөттү. Бул чечим футболчуларга сабак болот деп ишенебиз. Мыйзамга, эрежеге каршы жасалган иш-аракеттер жазасыз калбайт, кылмыш жообуна да тартылышы толук мүмкүн. Футбол оюнчулары сүйлөшүүлөргө барган болсо катуу жазаланат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: