super.kg logo

1-сентябрга чейин Бишкектин көчөлөрүндө оор жүк ташуучу унаалардын каттамына чектөө киргизилет

 

Бир ай бою Бишкектин көчөлөрүндө оор жүк ташуучу унаалардын каттамына чектөө кирет. Мындай чечим мээ кайнаткан ысыкка байланыштуу кабыл алынганын Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Ушул жылдын 31-июлундагы мэриянын буйругуна ылайык, 1-августтан 1-сентябрга чейин абанын температурасы +28ден жогору болгондо эртең менен саат 9:00дөн кечки саат 20:00гө чейин оор жүк ташуучу унаалардын каттамына чектөө кирет. Ал эми жүргүнчүлөрдү жана гуманитардык жардам үчүн чогулган жүктөрдү ташыган унааларга тыюу салынбайт.

Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери кошумча жол белгилерин орнотууда" деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.08.2019. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эмиби? уже талкалап бутту отконку ыссыкттарда камаздар эмес женил машине батып кетип жаткан асвалтька
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: