Бишкектеги Чыгыш-5, Көк-Жар кичи райондорунда абанын булганышы нормасынан жогору
Бүгүн, 6-августта саат 8:40ка карата Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районунда абанын булганышы нормасынан жогору. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.
Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.
Көк-Жар кичи району - 31 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 18). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.
Чыгыш-5 кичи районундагы учурдагы көрсөткүч - 30 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 19).
Бөкөнбаев-Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилиши - 22 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 21).
"МувГрин" жаштар кыймылынын мындай маалыматтарын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги четке кагып келет.

