super.kg logo

Солтон-Сарыга Бишкектен бийлик өкүлдөрү жөнөп кетишти

 

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Нарын облусуна жөнөп кетишти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар Солтон-Сары кениндеги чет өлкөлүк алтын иштетүүчү компаниянын ишин токтотуу үчүн чыгып жаткан жашоочулары менен жолугушат.

Биринчи вице-премьер-министр жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуунун жүрүшүндө каршылашкан эки тараптын тең бардык жүйөлөрүн угуп, түзүлгөн кырдаалды чечүү жолдорун аныктайт.

ИИМдин маалыматына ылайык, азыркы учурда Нарын районундагы абал милициянын көзөмөлүндө турат. "Мыйзамга ылайык, туруктуулукту жана коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Чогулгандардын саны 300гө жакын жашоочуларды түзгөн. Кийинчерээк жергиликтүү тургундар менен кытай ишканасынын жумушчуларынын ортосунда чыр чыккан. Эки тарап тең бири-бирине таш ыргыта башташкан. Жыйынтыгында жабыркагандар аймактык ооруканага жеткирилди. Аталган факты Нарын ОИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат ИИМдин маалыматында.

Азыркы учурда милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Учурда абал туруктуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(20)
06.08.2019. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Биздин чондор олгон иттер саткын намысы жоктор кытайда кыргыздар ушундай кылып корушсунчу не кылат экен кытайлар
06.08.2019. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атамбаев менен Зилалиевди да алып барыш керек болчу. Ошолор саткан Солтон-Сарыны
06.08.2019. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Bektur2011,
Атамбаевке шылтабай Жээнбеков бийликте турууга моралдык укугу да жок. Жээнбековтун колунан кокон да келбейт. Ошол Атамбаев болгон учун байкуш жудогон Жээнбековтун жылдызы жанып отурат. Соке жогол бийликтен.
06.08.2019. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
nuri1, Озун жоголчу сасыбай! Жээнбеков улуттук лидер катары тарыхта кала турган иштерди баштады. Сен Атамбаевге умут артып журо бер
06.08.2019. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nuri1,Туура айтасың. Жээнбеков кагазга жазганды эле окуп коюп анан жылуу сөзүн элге сүйлөп коюп жүрө берет беш жыл ошентип өтөт. Кылган ишинин дайыны жок же президенттик сүр жок же патриоттук сезим жок. Эркек болсо Текебаев Жапаровдорду чыгармак да бийликке алып келип эл үчүн иштегиле демек Бийлигин кызганып коруп жата бербей
Mamiev түзөттү 2019-08-06 15:27:19
06.08.2019. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АША менен Зилалиев итбекер тартуу кылып салышкан, экоо тен бирдей жооп бериши керек бул кырдаал боюнча
06.08.2019. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Аттын погуна уйулгөн чиркейге окшоп
Кой Ташка чогулбай
Элиңе, жериңе, мекениңе куйсөң
СОЛТОН САРЫГА барбай-сы-ңарбы❓
06.08.2019. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Jaznura,
Вааще молодец, туп туура дал озуно бастын
06.08.2019. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jaznura,ал жерде контракт менен иштеп аткан кытайларда, аларды кууйбуз деп барган элде да күнөө жок, күнөө ошолорго уруксаат берген
бийликтегилерде
06.08.2019. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул дагы чечилчуу койгой, тынч жол менен чечуу зарыл. Куч колдонуп башка мамлекеттерге жаман корунуудон пайда жок!
06.08.2019. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
лицензия берген Атамбаев жоопкерчиликке тартылсын
06.08.2019. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Лицензияны берген адамдар жооп берсин азыркы келген бийлик ошону ким берген канчага саткан,канча Кыргызстанга пайдасы бар ошону териштирип чыгып күнөөлүүлөрдү жоопко тартышсын .Эптеп барып элди алдап койбой.
06.08.2019. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен тан калам, ошол эле жерлерди сатпай карыз акча албай озунорду озунор баккылачы. карапайым эл озубуздун окатыбызды озубуз эле кылып келатабызго. ушунча эле кыйналып жатсанар кайыр сурап отургулачы эл деле чогултуп берели.
06.08.2019. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
1. Чыгып жаткан эл менен жолугушат. Эмнеге? Элди басыш үчүнбү? Эки жактын даттарын угат дейт, анда кытайларга деле жолугуп коюшпайбы, ишин тууралыгын текшерип!!
2. 300 деген создон кийин жашоочулар деп көптүк мүчө колдонулбайт
06.08.2019. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кокондон келген Атамбаев лицензияны коон дарбыз саткандай четтен сатып кыргыз элине кыянаттык кылып кетиптир
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: