super.kg logo

Премьер-министр Солтон-Сары кениндеги кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусунда жайгашкан Солтон-Сары кениндеги кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин Солтон-Сары кенине жакын жерде болгон окуя, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматы угулду.

Өкмөт башчы окуянын бардык жагдайларын тыкыр тактап, калк арасында маалымдоо, түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

"Жергиликтүү жашоочулардын жана чет элдик жумушчулардын ортосундагы окуя ишкананын ишин токтотууга себеп болбошу керек. Тоо-кен тармагында кандай көйгөйлөр бар жакшы билебиз жана кырдаалды түп-тамырынан өзгөртүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Мен бул маселеге толук түрдө киришип, жеке көзөмөлүмө алып турам. Тоо-кен чөйрөсүнүн бүгүнкү маселелери жылдар бою топтолгон жана олуттуу кайра карап чыгууну, ошондой эле чечкиндүү аракеттерди талап кылат. Эгерде инвестор талаптарды жана биздин жарандардын укуктарын буза турган болсо, биз аларга карата чара көрө турганыбызды белгилей кетким келет. Бирок баары мыйзам чегинде болушу керек. Эгерде ушул сыяктуу окуялар үчүн адамдар ишканаларды жабууну талап кыла беришсе, инвесторлор бизден баш тартышат. Бул окуяны пайдаланып кетүүнү каалаган айрым адамдардын аракеттери зор күч-аракеттер менен жетишкен иштерибизге бир заматта коркунуч туудурушу мүмкүн. Кайсы бир нерсеге тыюу салууну же кимдир бирөөнү кууп кетирүүнү талап кылуу менен күнүмдүк тиричилик жагдайын саясий нукка бурбаш керек. Бардык талаштар укуктук негизде чечилүүгө тийиш", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчынын айтымында, 2009-жылдан бери мурдагы бийлик тарабынан кабыл алынган кен боюнча чечимдерди кайра карап чыгуу сүйлөшүүлөр ачык, конструктивдүү диалог аркылуу гана мүмкүн.

"Өз ишин баштаган ар бир инвестор өкмөттүн ишинде туруктуу кызматташууга багыт алат. Бул маанилүү. Мамлекет ар дайым жергиликтүү калктын, ошондой эле инвесторлордун дагы кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылышы керек. Жакында эле бул үчүн биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов биздин жарандар жана кытай компаниясынын өкүлдөрү менен жеринде жолугушкан. Анда бардык жүйөлөр угулуп, жарандар тарабынан тоо-кен компанияга карата 83 пункттан турган талаптар коюлуп, алар аткарууга милдеттенген. Аларды аткарууга мониторинг жүргүзүү үчүн тегеректеги айылдардын жашоочуларынан турган жарандык топ түзүлгөн. Бул талаптар сапаттуу жана толук көлөмдө аткарылышына өкмөт, жергиликтүү тургундар жана инвесторлор дагы кызыкдар, себеби бул натыйжалуу кызматташууга кепилдик берет. Диалогду чиелештирген бул өңдүү келишпестик кырдаалдардын ордуна жергиликтүү бийлик органдары, жарандык топтор ушул милдеттердин сапаттуу аткарылышын көзөмөлдөөгө тийиш. Анткени көптөгөн суроолордун ичинде компания кырылган мал үчүн компенсация төлөп берүүгө, жолдордун, көпүрөлөрдүн курулушуна жардам көрсөтүүгө, жаратылышты коргоо чараларын күчөтүүгө милдеттенген. Мындай жагдай кырдаалды курчутуп, бул иштерди аткарууга тоскоол болушуна жол бербөө керек. Бардыгы конструктивдүү диалог жолу менен чечилүүгө тийиш", - деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы инвесторлор менен жергиликтүү калктын өз ара тыгыз аракеттенүүсү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду. Себеби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан да, компетенттүү органдар тарабынан да түшүндүрүү иштери иш жүзүндө формалдуу жүргүзүлүп келет.

Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешменин жыйынтыгы боюнча коомдук тартипти камсыздоо, жергиликтүү калктын жана инвесторлордун кызыкчылыктарын эске алуу менен жеринде абалды жөнгө салуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
06.08.2019. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эл сабырдуу болуп провокацияга алдырбашы керек
06.08.2019. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уруксаат бергендерди ачыкка чыгарсын ЭЛ билсин кыргыз элибизди жэрин саткандарды
06.08.2019. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Jaznura, Атамбаев 470 млн доллар алган экен кытайлардан
06.08.2019. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А инвестор дегенинер ууру. Кумтор баш олуп олкодо ондогон жерде алтын-кумуш казып жатышат. Ошонун баарында чоон чоон коррупция. Айрым жерлерде казылган рудаларды ошол бойдон фура фура кылып Кытайга ташып жатат оптом эле. Канча алтын кетип жатканын билген жан жок. Бийлик оз алтын улушун алып унчукпай отурат. Убагында алтынга Акаев, Бакиев, Атамбаевдер чомулуп келсе, 2 жылдан бери Соке алтынга чомулуп жатат.
06.08.2019. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dj., инвестор келиш керек. Туура эмес кылып калк. Тушунбостук. Аша кага кылып кеткен. Бул жерди суйлошуу 5-6 жыл мурун башталган.
06.08.2019. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чонток депутаттар кайда журот. Демейде кыйкырып калышсу эле. Манкалары агып отпускада журобу. Раим коррупционер уурулардын тоюнда журушобу. Жэ Жээнбековтун туугандарында кошомат кылып журушобу.
erlan2196 түзөттү 2019-08-06 12:26:56
06.08.2019. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Инвестор келсин, жумушчулар кыргыздар болушу керек, кытайдын жумушчулар кетируу керек. Жергиликтуу как.иштесин.
06.08.2019. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тынч жол менен чечуу керек! Инвестор деген бут баспай калбасын бизге
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: