Швеция өкмөтү кайырчылардан акча топтоону ишке киргизди
Швециянын Эскильстуна шаар башкармалыгы кайырчыларга карата жаңы мыйзамды ишке киргизди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, эми кайырчылык кылам дегендер шаар башкармалыгынан акчага уруксат кагазын алышат. Үч айлык кайырчылык "иштин" уруксат кагазы 26 долларга берилет. Ал кагаз полиция бөлүмүнөн паспорттун негизинде берилет. Уруксат кагазы жок кайыр сурагандарга 416 доллар айып салынат.
"Буга чейин шаар полициясы 8 кайырчыга уруксат кагазын берип, үчөөнө жаңы мыйзамды сактоо боюнча эскертүү берген. Мындай төлөмдөрдөн качуу үчүн кээ бир кайырчылар жумуртка сатып отургандай түр көрсөтө башташкан", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.