Солтон-Сары жайлоосунда "Тез жардамдын" 3 бригадасы нөөмөттө турат
Ушул учурда Солтон-Сары жайлоосунда "Тез жардам" кызматынын 3 бригадасы нөөмөттө турат. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады. Ага ылайык, 29 жергиликтүү тургун артериялык гипертензия менен медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын арасында сынык жаракаттар менен кайрылгандар жок.
"Бүгүн саат 13:00гө карата Нарын облустук бириктирилген ооруканасына медициналык жардам сурап 21 адам кайрылган. Анын ичинен 20 кишиге жардам көрсөтүлгөн. Алардын 19у кытайлык "Zhong Ji Mining" компаниясынын жумушчулары, бирөө жергиликтүү тургун. Кытайлык компаниянын дагы бир жумушчусу амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
Дарыгерлер алардын баш мээси жабык түрдө жабыркаганын жана баш мээси чайкалганын аныкташкан. Баарынын абалы туруктуу. Тиешелүү медициналык дары-дармектер берилип, медициналык кызматтар көрсөтүлүп жатат. Мындан тышкары, Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жабыркаган 19 адам кайрылды. Алардын баары "Zhong Ji Mining" компаниясынын жумушчулары. Азыркы учурда алар текшерүүдөн өтүүдө", - деп жазылат маалыматта.
