super.kg logo
  Саясат  

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов: "Солтон-Сарыдагы чыр элдин жергиликтүү бийликке, жогорку бийликке ишеними жоктугунан келип чыкты". КҮНСОБОЛ

 

3-августта Солтон-Сарыдагы алтын кенин иштеткен "Zhong Ji Mining" кытай компаниясы менен жергиликтүү тургундардын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Чыр 5-августта да уланып, 500дөн ашык адам чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык "Zhong Ji Mining" компаниясына барган. Алар компаниянын кызматкерлерин кендин аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылышты.

Бүгүн өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешме өткөрүп, эгерде ушул сыяктуу окуялар үчүн адамдар ишканаларды жабууну талап кыла беришсе, инвесторлор бизден баш тарта турганын айтты.

SUPER.KG порталы "Солтон-Сары кениндеги чырдын токтобой жатышы өкмөттүн чечкинсиз ишинин жыйынтыгыбы?" деген собол салды.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов Солтон-Сарыда чыр бүгүн эле чыгып калбаганын эскертти. "Бул чыр элдин жергиликтүү бийликке, жогорку бийликке ишениминин жоктугунан келип чыкты. Ал жерде бир гана мамлекеттик аткаминерлер пайда көргөндүктөн, элдин кызыкчылыгы эске алынбагандыктан нааразычылыктар күчөгөн. Солтон-Сарыда маселе бүгүн эле чыгып калган жок да. Мурдатан бери эле ызы-чуу болуп жаткан. Бул бийликтин реакция жасабай, конфликтти чечүүгө даремети жетпей, эл менен коммуникация түзүп иштешкенге мүмкүнчүлүгү болбой жаткандыгынын белгиси болуп саналат. Өкмөттүн, губернатордун, айыл өкмөттүн башчыларынын, райондун жетекчилеринин алсыздыгы. Сөзсүз түрдө алардын бардыгы, ишеним артпаган чиновниктер отставкага кетиши керек", - дейт Турдукулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: